Site icon Reporter.kg

Эрлис Тердикбаевге генерал-майор наамы берилди

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев генерал-майор жогорку аскердик наамы берилди.

Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Эрлис Тердикбаев эки күн мурда Генералдык штабдын башчысы болуп дайындалган. Ал ага чейин Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы кызматын аркалап келген.

 

Exit mobile version