Site icon Reporter.kg

Эрназар Акматалиев Египетте өткөн турнирде алтын медаль утту

FS 70kg - Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Египетте өткөн эркин күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын медаль утту.

Ал 26-февралда 70 килограммга чейинки салмак категориясында мелдешип, 1/8 финалдык баскычтан старт алган.

Акматалиев өзбек менен грузин спортчуларын жеңип, жарым финалда дагы бир кыргызстандык спортчу Орозбек Токтомамбетовду жеңип алды.

Финалдык беттеште Акматалиев АКШдан келген спортчу менен беттешип, алтын медалга татыды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version