Эртең өлкө аймагында кар жаабайт, бирок жолдор тайгак болот

Эртең өлкө аймагында кар жаабайт, бирок жолдор тайгак болот

Эртең, 21-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын, кар жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;

Талас жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -12 … -14, күндүз -5…-7 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>