Site icon Reporter.kg

Эртең Бишкектен Москвага жана Санкт-Петербургга авиа каттам ачылат

26-майга Бишкек – Санкт-Петербург – Москва маршруту менен “Аэрофлоттун” рейси белгиленген. Бул тууралуу Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик кызмат порталында катталганадар гана уча алат. Ошондой эле Москвага, Санкт-Петербургга, Мордовияга, Карелияга, Москвалык, Ленинграддык, Владимирский, Иванов, Калужский, Рязан, Смоленск, Тверск, Туль, Ярослав, Брянский, Орлов, Липец, Тамбов, Воронеж, Курский, Псковский, Новгород, Вологод, Костром, Ульянов, Нижегород, Пензен облустарына бара турчу жүрүүчүлөр кете алат.

“Аэрофлоттун”, “Уралдык авиалиниянын” жана S7нин (жокко чыгарылган рейстер) авиабилеттери кабыл алынат. Авиабилет жок болсо, аэропортто учуунун алдында алса болоору маалыматта айтылган.

Exit mobile version