Site icon Reporter.kg

Эртең Бишкектеги башкы балаты алынат

Эртең, 14-январда Бишкектеги «Ала Тоо» аянтындагы башкы балатыны алуу иштери башталат. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, алынган балатынын жасалгалары аталган муниципалдык ишкананын базасында сакталат.

Белгилей кетсек, борбордук аянттагы башкы балатынын оту 10-декабрда күйгүзүлгөн.

Exit mobile version