Эртең Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу токтойт — тизме

Эртең Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу токтойт — тизме

Эртең, 10-мартта Бишкектин айрым аймактарында оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу токтойт. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эртең саат 9.00дөн 17.00гө чейин «Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» конуштарында суу берилбейт.

Мындан тышкары №9 үй-бүлөлүк медицина борборунда, №21, №94 мектептеринде, Орхон №2, 2а, 4 көчөсүндөгү бала бакчада, «Бегимай Дордой» бала бакчасында, №20 китепканада, №6, №7 милициянын аймактык пунктунда, МТУ № 21де суу токтойт.

Бишкек мэриясы суу токтотулган билим берүү мекемелеринде иш күнү болбой турганын да белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>