Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат — тизме

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат — тизме

Эртең, 20-апрелде Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин “Батыш” суу түтүкчөсүндө жайкы сезонго карата оңдоп-түзөө иштери жүрөт.

Мындан улам, Садыгалиева көчөсүнөн, Волкова, Кустанайская жана Чоң чүй каналына чейинки бөлүктө, Достук кичи районунда, Кызыл-Аскер жана 110-кварталда таза суу убактылуу өчүрүлөт.

Ошондой эле“Бишкекжылуулуктармагы” оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүп жатканына байланыштуу айрым от казандарда ысык суу берүүгө чектөө кирет:

  • КЭЧ-1;
  • КЭЧ-2;
  • Факел;
  • БСМ;
  • №1 мектеп-интернаты;
  • №705 аскердик бөлүгү;
  • №15 орто мектеп;
  • №49 орто мектеп.

Мекеме жаралган ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурап, алдын ала сууну камдап алууга чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>