Эртең, 20-апрелде Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин “Батыш” суу түтүкчөсүндө жайкы сезонго карата оңдоп-түзөө иштери жүрөт.
Мындан улам, Садыгалиева көчөсүнөн, Волкова, Кустанайская жана Чоң чүй каналына чейинки бөлүктө, Достук кичи районунда, Кызыл-Аскер жана 110-кварталда таза суу убактылуу өчүрүлөт.
Ошондой эле“Бишкекжылуулуктармагы” оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүп жатканына байланыштуу айрым от казандарда ысык суу берүүгө чектөө кирет:
- КЭЧ-1;
- КЭЧ-2;
- Факел;
- БСМ;
- №1 мектеп-интернаты;
- №705 аскердик бөлүгү;
- №15 орто мектеп;
- №49 орто мектеп.
Мекеме жаралган ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурап, алдын ала сууну камдап алууга чакырат.