29-мартта Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы убактылуу өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үйлөрдөгү тармактар менен трансформаторлорду оңдоп-түзөп, электр чубалгыларына жолтоо болгон бутактарды кесип жана башка жумуштарды аткарышат.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
- 8:00дөн 17:00гө чейин —Байтик баатыр, Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
- 9:00дөн 14:00гө чейин — Термечиков көчөсүнүн кесилиштеринде;
- 9:00дөн 17:00гө чейин — Жибек Жолу проспектиндеги №328 үйдө;
- 9:30дан 13:00гө чейин — Көк-Жар жаңы конушунда (Көк-Жар, Куйручук, Шоокум, Шабдан баатыр көчөлөрү);
- 9:30дан 17:00гө чейин — Байтик баатыр, Кулатов, Элебаев, Лев Толстой көчөлөрүндө жана 9-кичирайондогу №36а үйүндө;
- 9:30дан 18:00гө чейин — Чыңгыз Айтматов проспекти, Шота Руставели, Славянский, Жунусалиев, Үчүнчү линия, Жаңы, Юдахин, Ломоносов, Маликов, Совхозный, Алыбаев, Захарьев, Гагарин, Термечиков, Репин, Хоперская, Дагестанская, Айни, Табалдиев, Жаманбаев, Ленская, Фучик жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинтеринде;
- 9:50дөн 18:00гө чейин — Жибек Жолу проспекти, Целиноградская жана Садовая көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
- 10:00дөн 16:00гө чейин — Бакай-Ата жаңы конушунда;
- 10:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик жаңы конушунда (Эр Тайлак, Ак-Тан көчөлөрү);
- 12:30дан 15:30га чейин — Ахунбаев көчөсүнүн (№ 92, 92а, 92б үйлөрү) кесилиштеринде;
- 15:00дөн 17:00гө чейин — Горький, Жукеев-Пудовкин, Карасаев, Элебаев, Медеров көчөлөрүнүн, Садовой, Уфимский, Береговой жана Гранитный кууш көчөлөрүнүн кесилиштеринде.