Эртең Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугат

Эртең Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугат

Эртең, 26-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон Исфара шаарында жолугат. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, Рахмондун чакыруусу боюнча Жээнбеков Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу визит менен барат.

Данияр Сыдыков сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланарын белгиледи. Ошондой эле чек ара боюндагы облустардын Кыргызстан жана Тажикстан элдеринин ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасалат.

Мындан тышкары эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарыларын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>