Эртең муфтият муктаждарга битир-садага таратат

Эртең муфтият муктаждарга битир-садага таратат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 11-июнда жыл сайын чогултулуучу битир-садаганы муктаждарга таратат.

Муфтияттын маалыматына караганда, быйыл муфтиятка 300дөн ашуун жаран жардам сурап кайрылган. Эртең биринчи этаптагы 70 жаранга битир-садага таратуу пландалууда.

Коронавирустан улам битир-садага алуу үчүн келгендер, байланышты азайтуу максатында тизменин негизинде кезек-кезеги менен үч топко бөлүнөт.

  • Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга — 2500 сом, 10 килограмм ун;
  • Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө — 2 миң сом, 10 килограмм ун;
  • Батирде турган, үй-бүлөлүк социалдык абалы начар жарандарга — 1500 сом, 10 килограмм ун.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>