Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 11-июнда жыл сайын чогултулуучу битир-садаганы муктаждарга таратат.
Муфтияттын маалыматына караганда, быйыл муфтиятка 300дөн ашуун жаран жардам сурап кайрылган. Эртең биринчи этаптагы 70 жаранга битир-садага таратуу пландалууда.
Коронавирустан улам битир-садага алуу үчүн келгендер, байланышты азайтуу максатында тизменин негизинде кезек-кезеги менен үч топко бөлүнөт.
- Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга — 2500 сом, 10 килограмм ун;
- Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө — 2 миң сом, 10 килограмм ун;
- Батирде турган, үй-бүлөлүк социалдык абалы начар жарандарга — 1500 сом, 10 килограмм ун.