Site icon Reporter.kg

Эртең муфтият муктаждарга битир-садага таратат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 11-июнда жыл сайын чогултулуучу битир-садаганы муктаждарга таратат.

Муфтияттын маалыматына караганда, быйыл муфтиятка 300дөн ашуун жаран жардам сурап кайрылган. Эртең биринчи этаптагы 70 жаранга битир-садага таратуу пландалууда.

Коронавирустан улам битир-садага алуу үчүн келгендер, байланышты азайтуу максатында тизменин негизинде кезек-кезеги менен үч топко бөлүнөт.

Exit mobile version