Эртең Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Эртең Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Эртең, 30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Өлкө башчынын коронавирус инфекциясына карата кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Буга чейин мамлекет башчынын Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан. Учурда Сооронбай Жээнбеков байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат.

Парламенттин жыйынында Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>