Эртең тоолу райондордо жамгыр жаашы мүмкүн

Эртең тоолу райондордо жамгыр жаашы мүмкүн

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 24-сентябрда өлкөнүн тоолу райондорунда  жамгыр жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл облусунун айрым аймагында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунун аймагында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Бишкек шаарында 24-сентябрда  жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 25…27° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>