Эртең убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү бүтөт

Эртең убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү бүтөт

Эртең, 15-февралда убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү бүтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2019-жылдын июль айынан 31-декабрга чейинки берилген убактылуу айдоочулук күбөлүктөр Кыргыз Өкмөтүнүн буйругу менен 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылган болчу. Анын мөөнөтү аяктады. Эми ар кандай кыйынчылыктарга кабылбоо үчүн белгиленген мөөнөткө чейин алмаштыруу сунушталат.

Күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынып жатат. Арыздар Бишкек шаарында Ч. Валиханов көчөсү 2 дарегинде (“Аю Гранд” гипермаркети району) кабыл алынууда.

Ал эми даярдалып бүткөн күбөлүктөр М.Ауэзов 1/5 (Два прораба гипермаркети) дарегиндеги ММК №4 элди тейлөө борборунда таратылып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>