Эртең Жогорку Кеңеш президенттин отставкасы боюнча маселени карайт

Эртең Жогорку Кеңеш президенттин отставкасы боюнча маселени карайт

Эртең, 16-октябрь саат 10:00дө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтөт. Күн тартибинде президенттин отставкасы каралат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 15-октябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткени тууралуу билдирүүсү президенттин расмий сайтына жарыяланган.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда Кыргызстандын президенти болуп шайланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>