Эртеңден тарта жандана турган ишкерликтин тизмеси

Эртеңден тарта жандана турган ишкерликтин тизмеси

Кыргызстандын аймагында эртең, 11-майдан тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:

Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:
• микрофинансылык уюмдар;
• камсыздандыруу компаниялары;
• ломбард;
• акча алмаштыруу пункттары;
• кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
• туристтик агенттиктер;
• адвокаттык кызматтар;
• басма кызматтары.

Калкты тейлөө кызматтарынан:
• сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
• тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
• химтазалоо.

Соода чөйрөсүнөн:
• курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
• автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
• тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
• автосалондор – авторыноктордон сырткары.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>