Эртең Бабанов Финполго суракка чакырылды

Эртең Бабанов Финполго суракка чакырылды

Саясатчы Өмүрбек Бабанов 29-августка Финансы полициясына сурак берүүгө чакыртылды. Бул тууралуу Бабановдун жакындары билдирди.

Маалыматка ылайык, Бабанов 27-августта суракка бармак, бирок 29-августка жылдырылды. Азырынча саат канчага чакырылганы белгисиз.

Өмүрбек Бабанов УКМКга эки ирет, Финансы полициясына экинчи ирет сурак берди.

9-августта Бабанов Кыргызстанга кайтып келген. Аны тарапташтары Бишкектеги «Манас2» аэропортунан тосуп алышкан.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>