Эртең, 27-июлда өлкө аймагында күн ысык болот. Абанын температурасы +39 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Кыргызстанда 27-июлдан 3-августка чейин 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Чүй облусунда түнкүсүн: 17….22… күндүз: 32… 37°C;
Талас облусунда түнкүсүн: 9….14….күндүз: 28…..33°C;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн: 17…22….күндүз: 33……38°C;
Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 17…22….күндүз: 33……38°C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 12…..17….күндүз: 21……26°C;
Нарын облусунда түнкүсүн: 8….13…..күндүз: 26….31°C;
Ал эми эртең Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Абанын температурасы күндүз 34……36°C, түнкүсүн 18 … 20°C.