Site icon Reporter.kg

Эртең айрым аймактарда үшүк жүрүшү күтүлөт

14-ноябрдын түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде абанын температурасы 0… -2° чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аталган аймактарда үшүк жүрүп, жыйналбаган мөмө жана жашылча жемиштерге, жабылбаган картошкага коркунуч жаратат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version