Site icon Reporter.kg

Эртең Бишкекте веложүрүш өтөт

Эртең, 28-августта Бишкек шаарында «Ден соолук менден башталат!» деген ураан менен веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Президенттин администрациясы менен биргеликте «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун жана «Алтын дөңгөлөк» велоклубунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Иш-чаранын программасына ылайык, веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында таңкы саат 9:00дө башталат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version