Site icon Reporter.kg

Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу токтотулат

Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүүгө Баш-Кара-Суу суу алгычындагы оңдоо жана профилактикалык иштер себеп болууда.

28-апрелде саат 9.00дөн 20.00гө чейин Сарбан, Жал, Кашкабаш айылдарында, Достук айылында, «Жогорку Орок», «ЖЭБ-2», «Ак-Ордо» конуштарында муздак суу болбойт ( Ахунбаев көчөсүнөн түштүк тарапка, Ахунбаев көчөсүнөн жогору (Сокулук району) жана Өмүр көчөсүнөн түштүккө карай), ошондой эле 105-контурдун батыш тарабы жана жаңы Тандоо аянты.

Борбор калаанын мэриясы тургундарды муздак суу камдап алууну эскертет.

Exit mobile version