Site icon Reporter.kg

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат

Эртең, 18-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

“Бишкексууканал” ишканасы саат 9:00дөн 18:00гө чейин Абаканская Дэн Сяопин, Волкова, Садыгалиев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жана темир жол тилкесинде суу жок болорун маалымдады.

Анын себеби Киркомстром суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн техникалык жактан тейлөө жана оңдоо жумуштары болот.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну эскертет.

Exit mobile version