Site icon Reporter.kg

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат

26-октябрда борбор калаанын айрым райондорунда суу жок болорун Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкексууканал” билдиргендей, 26-октябрда саат  9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт.

 «Ала-Тоо» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрөт. “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” турак жайларында, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде, өнөр жай ишканаларында суу берүү токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууну эскертет.

Exit mobile version