Site icon Reporter.kg

Эртең Чүй проспекти 7 саатка жабылат

милиция, УПСМ

Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында Жаңы жылды майрамдоого арналган иш-чара өткөрүлө тургандыгына байланыштуу 31-декабрда Чүй проспекти убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чүй проспектинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дон 01:00го чейин жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды Чүй проспектинин аталган бөлүгү жабыларын эске алууну, жол эрежесин сактоону суранат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version