Site icon Reporter.kg

Эртең күн 40 градуска чейин ысыйт

7-9-июнь күндөрү аба-ырайынын температурасы кескин көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°, Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

“Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырабыз”, — деп билдиришти ӨКМден.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version