Эртең күн 40 градуска чейин ысыйт

7-9-июнь күндөрү аба-ырайынын температурасы кескин көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°, Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт. “Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырабыз”, — деп билдиришти ӨКМден. Биздин Телеграм каналга катталыңыз