Site icon Reporter.kg

Эртең Кыргызстанга Германиянын президенти келет

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-герман эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат, ошондой эле достук жана өнөктөштүк маанайдагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгилешет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version