Site icon Reporter.kg

Эртең Кыргызстанга коронавируска каршы америкалык вакцина алынып келинет

«Модерна» вакцинасы Кыргызстанга эртең келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова билдирди.

Ал белгилегендей, вакцина COVAX программасы аркылуу алынат. Жалпысынан өлкөбүзгө 115 миң доза дары алынып келинет.

Аталган вакцина аймактарга бир жуманын ичинде, ал эми Бишкектеги эмдөө борборлоруна эки күндө жеткирилет.

«Вакцинанын эффективдүүлүгү 90%дан ашат. Дары -15 … -25 температурада сакталат. Андан кийин аларды эритип, эмдөө пункттарында 30 күн сактоого болот», — деди ал.

Exit mobile version