Site icon Reporter.kg

Эртең өлкө аймагында күн ачык болот

Эртең, 20-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33;

Эртең Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 35…37 градус ысык болот.

Exit mobile version