Site icon Reporter.kg

Эртең Ош шаарында жылуулук берилет

отопление

Эртең, 22-октябрдан тарта Ош шаарында жылуулук берилип баштайт. Бул тууралуу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Мындай чечим Ош шаардык мэриясынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча атайын штабдын жыйынында кабыл алынды.

3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жылуулук жетет.

Exit mobile version