Site icon Reporter.kg

Эртең Ош шаарынын бир нече районунда жарык өчүрүлөт

Эртең, 24-августта Ош шаарынын бир нече районунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жарык оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин жок болот.

Жарык өчүрүлө турган райондор:

— Черемушки, Ак-Тилек кичи райондорунда;

— Мамыров, Достук, Амир Темир, Абдувалиев, Мирзаев, Юбилейная, Закиров, Пролетарская, Пахта-Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Молдо Нияз, Санкт-Петербург, Степная, Алиев, Садырбаев, Атабаев, Суриков, Макаренко, Кольцова көчөлөрүндө, Дыйкан Кыштак тилкелери.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version