Site icon Reporter.kg

Эртең Жибек Жолу проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылат

7-майда Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган проспектинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылат.

Ошондой эле жогоруда аталган тилкенин түндүк тарабы оңдоого жабылат. Мындан улам жолдун түштүк тарабында эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

 

Exit mobile version