Site icon Reporter.kg

Эртең Жогорку сотто акын Аскат Жетигендин иши каралат

Эртең, 13-мартта Жогорку сотто акын Аскат Жетигендин иши каралат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Сотту отурум саат 10:00до башталат.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 1-июлда Свердлов районунун соту Аскат Жетигенди «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча актап, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот акынды 3 жылга эркинен ажыраткан. Кийин шаардык сот биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырылган.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген. Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды жасап келген.

2024-жылы 15-мартта ал бийликти сындап, сөккөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалган. Бул ирет анын кармалышына 15-марттагы видеосу себеп болгон. Ага «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси менен иш козголгон.

Кийин иш тергелип бүтүп, Свердлов райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн. 23-майдагы соттук отурумда Аскат Жетиген УКМКнын кызматкерлери кыйноого алганын билдирген. Акындын билдирүүсү боюнча УКМК азыркыга чейин үн ката элек.

Свердлов райондук сотунда Аскат Жетигенге акыркы сөз берилгенде ал адепсиздик кылганын, бирок кылмыш жасабаганын айткан.

«Адепсиздик кылдым, кылмыш эмес». Аскат Жетиген сотто акыркы сөз сүйлөдү (видео)

Exit mobile version