7-октябрдан тарта Бишкекте Кара-Кеченин көмүрү сатыла баштайт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Кара алтын Дэн Сяопин проспектиси, 306 дарегинде жайгашкан көмүр базасында сатылат. Бир тоннасы 4,7 миң сом болот.
«Жакынкы күндөрү дагы төрт көмүр базасынын ачылышы күтүлүүдө», — деп белгилешти мекемеден.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз