Эс алуу күндөрү Балыкчы-Каракол унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат

Эс алуу күндөрү Балыкчы-Каракол унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат

Бүгүнтөн тарта 28-июлга чейин Балыкчы-Каракол унаа жолунун Тамчы-Бостери бөлүгү маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Тилек Оторов Reporter.kgге тастыктады.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга расмий иш сапары менен келе турганына байланыштуу жолдор жабылып, унаа кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилет.

«Коопсуздук үчүн кайсы сааттарда жабылары тууралуу маалымат айта албайбыз. Бирок коноктор келген учурларда маал-маалы менен жабылып, кайра ачылып турат. Ысык-Көлгө барып эс алуучулар жолго чыга берсе болот. Анткени жол толук жабылбайт. Биринчи жерден экинчи жакка жер котороордо гана жаап, кайра ачылып турат», — деп билдирди Оторов.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы элди мындай чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга жана жол эрежелерин сактоого чакырат. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочуларына Ысык-Көлдүн тескей жолу аркылуу каттоону өтүнүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>