Таш-Көмүр шаарыдагы Үч-Жаңгак тилкесинде эс алуучу көлмөгө эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Издөө иштерине жалпысынан 10 куткаруучу тартылып, суучулдар тартылган. Куткаруучулар көлмөгө чөгүп кеткен 1980-жылы туулган К.А. атту жарандын жансыз денесин кечки саат 20:05тер чамасында суудан табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен.