Site icon Reporter.kg

Эс алуучулар Баткендеги Айгүл гүлүн үч жыл көрө албайт

Баткендеги Айгүл гүлү өскөн Айгүл-Таш тоосуна эс алуучуларды киргизүүгө үч жылга тыюу салынды. Бул тууралуу Баткен токой чарбасынан билдиришти.

Тыюу салуу быйыл 1-апрелден тарта 2026-жылдын 1-апрелине чейин созулат.

Reporter.kg’ге Баткен районунун акими Учкунбек Жоробеков билдиргендей, мындай чечим Кызыл китепке кирген Айгүл гүлүн сактап калуу үчүн кабыл алынган. Айгүл гүлүн көрүүгө келгендердин арасынан айрымдары гүлдү үзүп, тебелеп кетип жаткандыктан, гүлдүн саны азайып кеткен. Учурда гүл Айгул-Таш тоосунун өйдөңкү беттеринде гана калган. Ага байланыштуу токой чарбанын кызматкерлери Айгүл гүлүн көбөйтүү максатында, анын уруктарын алып, аны ылдыйкы зонага эккен. Жаңы чыккан гүлдөр тебеленип калбашы үчүн Айгүл-Таш тоосуна кирүүгө үч жылга тыюу салынды.

Айгүл гүлү Кыргызстанда Баткендеги Айгүл-Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. Апрелдин ортолорунда Айгүл гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага созулат.

Айгүл жоголуп бара жаткан гүлдөрдүн катарында болгондуктан, ал Кызыл китепке киргизилген. Ал илимде «Эдуард чаар гүлү» деп аталат.

Бишкекте Айгүл гүлү гүлдөдү — сүрөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version