Эс алууда жоголгон, суу жээгинен бут кийими табылган 2 жаран изделүүдө

Жети-Өгүз районунун 73 жаштагы тургуну изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Алардын маалыматында, бүгүн таң эрте анын бут кийими «Чоң Кызыл-Суу» суусунун жээгинен табылды. Аны куткаруучулар, милиция жана жергиликтүү тургундар издешүүдө. Түптө 46 жаштагы адам 29-июлдан бери дайынсыз болууда. Ал көлдүн жээгине эс алууга кеткен. Аны издөөгө суучулдар тартылды.