Site icon Reporter.kg

Эсеп палатасы Мамкурулуштан 1,4 млрд сомдук мыйзам бузуу аныктады

Мамкурулушта каржылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, каржылык бузуулар Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында белгилүү болду.

Эсептөө палатасы аудитте агенттиктин борбордук аппаратын, 8 ведомстволук бөлүмүн, 7 облустук капиталдык курулуш башкармалыгын жана 54 шаар куруу жана архитектура аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгүн текшерген.

Аудиттин жыйынтыгында жалпы 1 млрд 404 млн 238 миң сомдук каржылык бузуулар катталды. Алардын ичинен кайтарылууга тийиш болгон сумма 505 млн 267 миң сомду түзсө, аудит учурунда 261 млн 98 миң сом кайтарылган. Дагы 244 млн 169 миң сом кайтарылууга тийиш.

Бузуулардын негизги түрлөрүндө бюджетти түзүүдө чыгымдар бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу, бюджетке мамлекеттик мүлктү тескөөдөн, мамлекеттик мүлктү пайдалануудан алынган каражаттарды, ошондой эле акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелерди которбоо, бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши, эмгек акы, сапар чыгымдары, жөлөк пулдар, компенсация жана башка төлөмдөрдү төлөөдөгү бузуулар, өлчөмдөн ашык авансалык төлөмдөрдү чегерүү, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жана башка бузуулар кирген.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет Эсептөө палатасынын кеңешинде каралып, кабыл алынганы айтылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version