Эсептөө палатасынын өлкөнүн түштүгүндөгү өкүлү кармалды

Эсептөө палатасынын өлкөнүн түштүгүндөгү өкүлү кармалды

Эсептөө палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлү коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан (Финансы полициясы)  кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, ал мамлекеттик бюджеттен уурдалган 13 млн сомго байланыштуу козголгон кылммыш иштин алкагында кармалган.

7-декабрда Ош шаардык сотунун чечим менен ал 1 айга тергөө абагына камакка алынган.

Буга чейин ушул ишке катыштыгы бар делип жеке ишкананын жетекчиси кармалган. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана бул ишке катышы бар  башка да адамдарды кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>