Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруу Айжан Садыркуловага жүктөлдү

Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруу Айжан Садыркуловага жүктөлдү

Айжан Садыркуловага Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Садыркулова Айжан Медетовнага анын Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруу жүктөлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин Эсептөө палатасын жакында эле премьер –министр болуп дайындалган Улукбек Марипов жетектеп келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>