Site icon Reporter.kg

«Эсимде» тасмасы «Евразия» эл аралык кинофестивалына катышат

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Евразия» эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Аталган кинофестиваль Алматы шаарында 12-18-декабрь күндөрү болуп өтөт. Актан Арым Кубат бул фестивалдын эл аралык сынагына «Эсимде» тасмасы менен катышуу үчүн чакыруу алган.

«Евразия» кинофестивалы 1998-жылы негизделген. Ал Кинопродюсерлер ассоциациясынын эл аралык федерациясында (FIAPF) каттоодон өткөн жалгыз казакстандык кинофестиваль болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version