Site icon Reporter.kg

Эскертүү! Эртеңден тарта Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы Гоголь көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоону 8-июлдан тарта улантат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга байланыштуу Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылат.

«Бүгүнкү күндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери Гоголь көчөсүнүн темир жолдон Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүүдө. Түтүктөрдү алмаштыруу иштерин улантуу үчүн 8-июлдан тарта Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкени жабуу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Реконструкциялоодо диаметри 400 мм, узундугу 420 метр болгон түтүктөр алмаштырылат. Жылуулук тармагынын бул участогу 1979-жылы ишке берилип, 45 жылдан бери иштеп келет. Жаңыланган жылуулук тармагы жылуулук менен камсыздоону эффективдүү камсыз кылат жана жалпы системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Белгилей кетсек, реконструкциялоо ишкананын эсебинен жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version