Site icon Reporter.kg

Эски батареяларды көп чогулткан мектепке спорт аянтчасы курулат

Колдонулган батареяларды эң көп чогулткан Бишкектеги мектепке жаңы спорт же балдар аянтчасы курулуп берилет. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Бишкек шаарында “Сенин зарядың” аттуу экологиялык акция өтүүдө. Акциянын алкагында шаар мектептеринин арасында колдонулган батареяларды чогултуу боюнча челленж өтүп жатат.

Акциянын эрежесине ылайык, салмагы боюнча эң көп колдонулган батарейканы чогулткан мектепке заманбап балдар же спорт аянтчасы курулат. Аны акциянын өнөктөштөрү  болгон Level жана BRK Group курулуш компаниялары орнотуп беришет.

Акцияга катышкан мектептерде батареяларды чогултуу үчүн атайын урналар орнотулган.

Ошондой эле тургундар “Сенин зарядың” компаниясы тарабынан уюшулган шаардагы батареяларлы кабыл алуу пункттарына колдонулган батареяларды тапшырса болот.

 

Exit mobile version