Эски таарынычтан улам таанышын сабап өлтүргөн адам кармалды

Эски таарынычтан улам таанышын сабап өлтүргөн адам кармалды

Ош шаарында таанышын ур-токмокко алып өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 15-июлда Ош шаарынын четиндеги “Дача” аймагындагы көпүрөнүн алдынан 56 жаштагы кишинин жансыз денеси табылган.

Кийин кылмышка шектүү катары анын таанышы, 1988-жылы туулган Кара-Кулжа районунун  Ш.Т. аттуу тургуну кармалган.

“Шектүү көрсөтмөсүндө маркум менен экөө көп жылдардан бери тааныштыгын, чогу адамдардын ар кандай кызматын аткарып, жан багып келишкенин билдирди. Ошол күнү экөө чогулуп, окуя болгон жерде, спирт  ичимдигин ичишкен. Ал жерде эски таарынычтары козголуп, кайым айтышып кетишкен. Кайым айтышуу мушташка алып барып, натыйжада Ш.Т. шеригин ур-тепкиге алып, алсыз абалда таштап кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде жан берген”, — деп билдирди басма сөз кызматы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>