Site icon Reporter.kg

ЭВФ: Кавказ жана Борбор Азиянын экономикасы 2024-жылы күтүлгөндөн тез өстү

Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы 2024-жылы күтүлгөндөн ылдамыраак темпте өстү. Бул тууралуу Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) 2025-жылдагы баяндамасында айтылат.

Эсепке ылайык, 2024-жылы аймактын экономикалык өсүшү 5,4% түзүп, 2023-жылдагы 5% көрсөткүчтөн жогору болду. Бул өсүш негизинен күчтүү ички суроо-талап жана инфраструктурага салынган инвестициялардын аркасында камсыздалды.

Мунай экспорттоочу жана импорттоочу өлкөлөр үчүн да өсүш боюнча божомолдор оң жакка карай өзгөртүлдү — мурунку, октябрдагы баалоого салыштырганда 1 пайыздык пунктка жогорулаган.

Эксперттер белгилегендей, экономикадагы оң өзгөрүүлөрдү бир нече факторлор колдоду:

Ошондой эле инфраструктура, энергетика жана тоо-кен тармагына салынган инвестициялар өсүшкө кошумча түрткү берди.

 

Exit mobile version