Site icon Reporter.kg

Евро, рублдун наркы төмөндөдү. 5-июлга валюталар курсу

Кыргызстандын Улуттук банкы 5-июлга карата валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады.

Америкалык валютанын наркы дээрлик өзгөргөн жок жана 79,5 сомду түздү.

Евронун курсу 0,21%га төмөндөп, 82,9821 сомду түзсө, рубль 3,34%га төмөндөп, 1,4228 сомду түздү.

Сомго карата бекемделген жалгыз валюта – теңге. Ал 0,53%га кымбаттап, 0,1713 сомго жетти.

Exit mobile version