Евробиримдик бир катар өлкөлөргө эшигин ачты, тизмеге Кыргызстан кирген жок

Евробиримдик бир катар өлкөлөргө эшигин ачты, тизмеге Кыргызстан кирген жок

Евробиримдиги АКШнын, Бразилиянын, Орусиянын жана бир катар башка мамлекеттердин жарандары үчүн коронавирустун жайылуусу азаймайынча чек араларды ачуудан баш тартышты. Бул тууралуу Еврокомиссиясынын чечимин «The New York Times» гезити жазды.

Бул маалыматты «Euronews» жана «Reuters» чет элдик басылмалары дагы жазып чыкты. Европа өлкөлөрүнө Кыргызстандан башка Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин жарандары кире алат. Анткени Евробиримдик түзгөн тизмеде Кыргызстан жок. Тизме Хорватия мамлекетинин төрагалыгынын алдында даярдалган.

Иштелип чыккан эреже боюнча: коронавирус 100 миң калктан 14 күндүн ичинде 16-20 учур катталган мамлекеттер Европа өлкөлөрүнө кире алышат. Мындай эсептөөдө Кыргызстандын калкынын жалпы санына теңдеп  бөлгөндө өтө көп учур катталган деген жыйынтык чыгарышкан.

Белгилей кетсек, тизмеге кирген мамлекеттердин жарандары үчүн 1-июлдан тарта Европа өлкөлөрүнүн чек аралары ачылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>